Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы бүгүнтөн тарта жанданат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, учактар Ысык-Көлдүн жээгине жумасына төрт ирет жөнөйт.
Эске салсак, Жалал-Абад – Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.