Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн упай алып калган абитуриенттер кайрадан тест тапшыра алат

Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн упай алып калган абитуриенттер кайрадан тест тапшыра алат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, кышкы тестирлөөгө жалпы орто жана орто кесиптик билими барлар катышса болот. Жогорку окуу жайларда бош калган орундарга гана кабыл алуу жүргүзүлөт. Ал 17-27-октябрь аралыгында өтүп, баасы 370 сомду түзөт.