Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жана анын программасын бекитти

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдошту. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекитилди.

 

Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов келди.

 

Кубатбек Боронов өкмөттүн  “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын улантарын айтып, баяндама жасады.