Жыл аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объектинин  курулушу аяктайт

Жыл аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объектинин  курулушу аяктайт.

Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,

анын 70и билим берүү, 17си саламаттыкты сактоо уюмдарынын мекемеси.

Объектилер аймактарда орун алат. План боюнча жаңы окуу жылынын башында

жаңы 11 мектеп пайдаланууга берилиши керек. Мындан тышкары өлкөнүн облустарында

курулуп жана оңдоп-түзөлүп жаткан 14 медициналык мекеме да ушул күз айларында даяр болуп калат.