1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы ишке кирди

1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы ишке кирди.

Муниципалдык автобус менен троллейбустарда жарандар үчүн

250 консультант даярдалды. Алар системанын ишине, төлөө

процессине байкоо салып, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Карталарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн,

мобилдик операторлордун сатуу түйүндөрүнөн, ошондой эле автобус,

троллейбустун айдоочуларынан сатып алуу жеткиликтүү. Пенсионерлер кызыл,

окуучулар үчүн жашыл, ал эми жалпы колдонуучулар көк түстөгү карталарды алышы керек.