Жарандарга коменданттык сааттын эрежесин сактоо сунушталат

Жарандарга коменданттык сааттын эрежесин сактоо сунушталат. Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу 15-апрелге чейин кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин бардык кыймылдар токтошу керек. Белгилеп кетсек, «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам боюнча коменданттык сааттын талаптарын бузган адамды милиция же кайгуул кызматы мөөнөт аяктаганга чейин кармайт, ал эми… Кененирээк…

Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору ишин токтотот

Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору ишин токтотот. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим коронавирустан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кабыл алынды. Мындан сырткары, Чүй облустук жана райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот. Маалыматка ылайык, бул соттордун ишмердүүлүгү бир жумага… Кененирээк…

Жалал-Абадда обсервацияга алынган дарыгерлер жеке клиникаларга жайгашат

Жалал-Абадда обсервацияга алынган дарыгерлер жеке клиникаларга жайгашат. “АкиПресс” билдиргендей, жеке клиниканын имараты белгисиз мөөнөткө берилет. Тагыраагы, вирустун инкубациялык убагы аяктаганга чейин иш алып барат. Дарылоо учурунда илдетке кабылгандарды дарылап жаткан медицина кызматкерлери өздөрү да 14 күн көзөмөлдө болушу зарыл. Эске салсак, бир нече обсервацияда иштеген… Кененирээк…

Кыргызстанда эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды

Кыргызстанда эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды. Сынактын максаты – таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачыл изденүүсүн баалап, маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу. Сынак үч этап менен өткөрүлөт. Конкурска менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери өз алдынча катыша алат. Видео сабактар… Кененирээк…

Кыргызстандын мугалимдери март айынын айлыгын толугу менен алышат

Кыргызстандын мугалимдери март айынын айлыгын толугу менен алышат. Билим берүү министрлигинин маалыматында, учурда бардык билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине маянасы которула баштады. Педагогдор сабактарды дистанттык түрдө уюштурганы үчүн кадимкидей эле толук көлөмдө эмгек акы алышмакчы. Эске салсак, 16-марттан тарта өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин баары карантинге жабылган.… Кененирээк…

Коронавирус жугузуп жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын бешөө жөнөкөй палатага которулду

Коронавирус жугузуп жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын бешөө жөнөкөй палатага которулду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди. Анын айтымында, учурда республиканын баардык аймагында көчмө дарыгерлер тобу иштеп жатат. Мобилдүү топтор үй карантинине алынган жарандарга кароо жүргүзөт. Эгерде вирустун белгилери пайда болсо… Кененирээк…

Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлдү

Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 121 миллион доллар бөлдү. Каражатты биздин өлкөгө Уюмдун Вашингтондогу жетекчилиги COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү жана бюджеттеги тартыштыкты жоюу максатында берди.  Пандемиянын айынан Кыргызстандын макроэкономикасы жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учурады. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономкасына терс… Кененирээк…

Бишкекте милицияга баш ийбеген жарандарды кармоо учурунда ок атылды

Бишкекте милицияга баш ийбеген жарандарды кармоо учурунда ок атылды. Ордо калаа комендатурасынан билдиришкендей, мас абалындагы айдоочу күч кызматкеринен качууга аракет кылган. Унаада мас абалындагы башка адамдар болгондугу да аныкталды. 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилди.… Кененирээк…

Бишкек виртуалдуу саякаттоо боюнча КМШнын алдыңкы 5 шаарынын катарында

Бишкек виртуалдуу саякаттоо боюнча КМШнын алдыңкы 5 шаарынын катарында. ТурСтат туристтик порталы түзгөн рейтингинде көрсөтүлгөн калаалардын музей жана коомдук жайларында виртуалдуу түрдө саякаттоо мүмкүнчүлүгү бар. Интернет аркылуу экскурсия жүргүзүүгө мүмкүн болгон КМШ өлкөлөрүнүн үчилтигинде Минск, Алматы жана Ташкент турат. Ошондой эле саптын алдыңкы катарында Витебск,… Кененирээк…

Ош шаарында дарыгерлерди 28 кичи автобус ташып жатат

Ош шаарында дарыгерлерди 28 кичи автобус ташып жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Алар шаардагы күчөтүлгөн тартипте иш  алып барган 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана 8 бейтапкананын дарыгерлерин күнү-түнү тейлөөдө. Унааларды күйүүчү май менен камсыздоо мэрия тарабынан уюштурулду. Ал эми айдоочулар өз демилгелери менен кызмат… Кененирээк…