Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда
Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Иштерди “Бишкексвет” аткарып жатат. Жаңы шамчырактар Талды-Суу, Волков, Мурман, Кокчетав көчөлөрүндө орнотулду. Андан тышкары, заманбап чырактар Жал, Туңгуч кичи райондорунда, Арча-Бешик конушунда пайда болду. Белгилеп кетсем, жашаган жери караңгы болуп атса, тургундар арыз менен мэрияга кайрыла алат.