Россиянын Свердлов облусу Ош жана Ош облусунун мектептерине окуу куралдарын тапшырды

Россиянын Свердлов облусу Ош жана Ош облусунун мектептерине окуу куралдарын тапшырды. Физика жана химия сабактары боюнча 10 миңден ашык китеп берилди.   Алардын жалпы баасы 4,5 миллион рублду түзөт. Окуу куралдарын Россиянын куралдуу күчтөрүнүн учагы жеткирип келди.

Аралыктан окутуу учурунда сабагын калтырган окуучулар көзөмөлгө алынат

Аралыктан окутуу учурунда сабагын калтырган окуучулар көзөмөлгө алынат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери онлайн окуунун ордуна башка иштер менен алектенип жүргөн балдарды аныктоо боюнча иш жүргүзөт.   Эске салсак, мектептерде биринчи класстын окуучулары гана салттуу форматта билим алышат. Калган окуучулар эпидемиологиялык… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы эгемен тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы эгемен тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, июль айынын аягында мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү.   Анын көлөмү соңку айларда тездик менен өсүп жатат, — дешти ведомстводон.   Буга чейин 2018-жылы январда тышкы карыздын… Кененирээк…

“Apple” Сингапурда биринчи жолу суу астындагы дүкөнүн ачат

“Apple” Сингапурда биринчи жолу суу астындагы дүкөнүн ачат. Ал “Marina Bay Sands” мейманканасынын жанында жайгашып, 114 бөлүктөн турган айнек куполду чагылдырат. Шар формасындагы курулуштун ичинде пардалар, жогору жагында тегерек терезе бар.   Дүкөндүн суу алдындагы кабатында жыйындар залы дагы жайгашкан. Ал “Apple” компаниясынын Сингапурдагы үчүнчү… Кененирээк…

Азиялык футбол конфедерациясынын Кубогу ойнотулбайт

Азиялык футбол конфедерациясынын Кубогу ойнотулбайт. Мындай чечимди АФКнын аткаруучу комитети кабыл алды. Себеби – коронавирус пандемиясы. Эске салсак, 2020-жылдын кубогунда Кыргызстандын чемпиону “Дордой” бир нече беттештерди өткөрмөк.   Оюндарды түркмөнстандык “Алтын-Асыр” жана тажикстандык “Истиклол”, “Худжант” клубдары менен өткөрүү пландалган болчу.  

Ысык-Көлдүн суусу бардык талаптарга жооп берет

Ысык-Көлдүн суусу бардык талаптарга жооп берет. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин адистери көлдүн ортосундагы жана жээктеги суунун анализин алышты.   Экологдор температураны жана башка компоненттерди текшерди. Анализдин жыйынтыгы менен, суунун сапаты тиешелүү нормаларга туура келет.   Белгилеп кетсек, Ысык-Көлдө анализ жылына 3 ирет алынат, сезондун башында,… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташып, саламаттыкты сактоо системасына чыгашалар азаюуда

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташып, саламаттыкты сактоо системасына чыгашалар азаюуда. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, эми тышкы булактардан келген каражат экономиканы кайра калыбына келтирүүгө багытталат.   Башкы багыттар катары өкмөт ошондой эле курулуш иштерин карап жатат – ирригация, айылдарды таза суу менен камсыздоо, авариялык абалдагы мектептерди, жолдорду… Кененирээк…

Кафе-ресторандарга 100 кишиге чейин кардарды кабыл алууга уруксат берилиши мүмкүн

Кафе-ресторандарга 100 кишиге чейин кардарды кабыл алууга уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү чечими Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен Республикалык штаб кабыл алышы керек.   Эске салсак, штаб 19-августта министрликке отура турчу жерлерди 50дөн 100гө чейин көбөйтүп, соода борборлорунда тамактануучу жерлерди ачуу сунушталган. Ошондой эле, ведомствого спорттук… Кененирээк…