Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, бул Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдору өз өлкөсүндө таанылбай жана алардын 90 пайызы Пакистан медициналык сынагынан өтө албай жатканында. Бул билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт. Андан… Кененирээк…

Францияда экинчи жолу толук түрдө карантин киргизилди

Францияда экинчи жолу толук түрдө карантин киргизилди. Бүгүнтөн тартып барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар жабылды. Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, жазындагыдай эле бул жолу өлкө тургундарына себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Бирок азык-түлүк алуу үчүн, ооруканага барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн сыртта жасоого уруксат… Кененирээк…

Кыргызстанда салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы түзүлдү. Ага 11 спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациясы кирди. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, ассоциацияны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын экс-директору Алмазбек Касенов жетектейт. Ассоцияция калк арасында улуттук оюндарды, улуттук спорт түрлөрүн популярдуу кылуу максатында түзүлдү.

Билим берүү министрлиги 2-чейректен тартып мектептерди ачуу боюнча сунуштама берди

Билим берүү министрлиги 2-чейректен тартып мектептерди ачуу боюнча сунуштама берди. Билим берүү мекемелерин дезинфекциялоо жана санитардык талаптардын аткарылышын камсыздоо үчүн министрлик каражат бөлөт, — деп белгиледи министр Алмазбек Бейшеналиев өкмөттүн жыйынында. Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министрлиги окууну аралыктан улантуу керек десе, билим берүү министрлиги окуучулар… Кененирээк…

Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат

Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат. Каржы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүүдө. Учурда 4 миллиард 100 миллион сом карызды кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана кийинки жылы… Кененирээк…

БШК өлкө президентине талапкерлер үчүн бир катар документтерди бекитти

БШК өлкө президентине талапкерлер үчүн бир катар документтерди бекитти. Мыйзамга ылайык, өлкө башчы болууга талапкер 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө акысын төлөп жана шайлоо фондун түзүшү керек. Фонддун суммасы 100 миллион сомдон ашпашы шарт. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында… Кененирээк…

Францияда экинчи жолу толук түрдө карантин киргизилди

Францияда экинчи жолу толук түрдө карантин киргизилди. Бүгүнтөн тартып барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар жабылды. Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, жазындагыдай эле бул жолу өлкө тургундарына себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Бирок азык-түлүк алуу үчүн, ооруканага барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн сыртта жасоого уруксат… Кененирээк…

Бишкекте электр энергия, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди

Бишкекте электр энергия, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ЖЭБде энергетикалык жабдуулардын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен. «Түндүкэлектр» ишканасынын подстанциясынын кабелдик линиясында чыңалуу болгон. Мындан улам автотрансформатор өчүрүлүп, ЖЭБдеги жабдуулардын авариялык коргонуучу системасы активдешти. ЖЭБдин казандары жана… Кененирээк…

Кыргызстан бюджетинин тартыштыгы 35 миллиард 600 миллион сомго жетти

Кыргызстан бюджетинин тартыштыгы 35 миллиард 600 миллион сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров билдирет. Анын айтымында, дефициттин көлөмү дагы 7 миллиард 900 миллион сомго көбөйдү. Белгилеп кетсек, республикалык бюджетке ушуну менен экинчи ирет өзгөртүү киргизилип жатат. Пандемиядан улам июнь айында дагы өзгөртүү киргизилген.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын жетекчиси кармалды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жетенбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелүүдө. Аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салган.… Кененирээк…