Кыргызстанда калктын дээрлик 6 пайызы коопсуз таза суу системасына кошулган эмес

Кыргызстанда калктын дээрлик 6 пайызы коопсуз таза суу системасына кошулган эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, адамдар сууну ачык көлмөлөрдөн алып пайдаланышат. Бул өз кезегинде ден-соолукка кооптуулук жаратат. Андан тышкары, ысык суу жана борбордук жылытуу системасына шаар аймактарынын басымдуу батир жана турак-жайлары гана туташтырылган. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоого 416 миллион сом сарпталды

Кыргызстанда шайлоого 416 миллион сом сарпталды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, алдын ала 442 миллион сом бекитилген. Каражатты үнөмдөө үйрөтүүчү сабактардын онлайн өткөнүнө байланыштуу жана эл аралык уюмдардан колдоосунун негизинде мүмкүн болду. Шайлдабекова кошумчалагандай, 16 саясий партиядан шайлоо күрөөсүнө 5 миллион сомдон чогултулган. Шайлоодо 5… Кененирээк…

Ош шаарында калаанын 3020 жылдыгы белгиленүүдө

Ош шаарында калаанын 3020 жылдыгы белгиленүүдө. Түштүк калаа мэриясынан novosti.kgге билдиришкендей, борбордук аянтта салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага 300гө жакын адам чакырылды. Алар Ош шаарынын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошкон ардагер жетекчилер, дарыгерлер, ыктыярчылар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери. Концерттик программанын кечки бөлүгү жергиликтүү телеканалдар аркылуу… Кененирээк…

Бишкекте “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери башталды

Бишкекте “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, алгач Ташкент жана Сухэ-Батор көчөлөрү ремонттолот. Андыктан аталган тилкелерде кыймылга чектөө киргизилет. Иштерди кыш мезгилине чейин бүтүрүү пландалууда. Белгилеп кетсек, экинчи фазанын алкагында ордо калаада 70 чакырым узундукту түзгөн 60 көчө оңдолуп,… Кененирээк…

Добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталды

Добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталды. ашкы прокуратурадан билдиришкендей, фактылардын 18 учуру Жазык кодексине, алганы Жоруктар кодексине катталды. Ал эми 13 факты добуш сатып алуу боюнча. Учурда иштердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары №2 форма боюнча 5 арыз түшүп, анын төртөө тергөөдө,… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Эми анда кайсы бир тайпалардан билдирүүлөрдү каалаган мөөнөткө өчүрүп салууга мүмкүн. Буга чейин бул блоктоо функциясы 8 саатка, 1 жумага же 1 жылга эле иштечү.   Эми аны таптакыр эле өчүрүп салса дагы болот.

Gucci мода үйү эркектерге арналган узун көйнөк чыгарды

Gucci мода үйү эркектерге арналган узун көйнөк чыгарды. Ал кызгылт сары түстөгү, сатин кездемесинен тартууланды. Дизайнерлердин айтымында, бул гендердик теңсиздик боюнча стереотиптерге каршы күрөш болуп эсептелет.   План боюнча, эркектер бул узун көйнөктү джинсы шымдын үстүнө кийиши керек. Көйнөктүн баасы сом менен алганда 171 миң… Кененирээк…

Бишкек мектептеринде салттуу окуу форматы биринчи класстар үчүн гана болот

Бишкек мектептеринде салттуу окуу форматы биринчи класстар үчүн гана болот. Буга чейин пландалгандай, 2-6-класстардын окуучуларынын мектепке кайтып келүүсүнө коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу тыюу салынды.   Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкектин башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, аймактарда окуучулар ортосунда коопсуз аралыкты сактоо мүмкүн, ал… Кененирээк…

БШК Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт

БШК Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт. Бул тууралуу комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ал эми алдын ала жыйынтык менен парламентке 4 партия өттү.   Чогулган добуштар менен алдыга президенттик “Биримдик” партиясы чыкты. Андан кийин эле “Мекеним Кыргызстан” келе жатат. Үчүнчү орунда… Кененирээк…

Улуу Британия футбол боюнча Евро-2020 чемпионатынын 7 беттешинен баш тартышы мүмкүн

Улуу Британия футбол боюнча Евро-2020 чемпионатынын 7 беттешинен баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу спорт боюнча мамлекеттик катчы Оливер Дауден жарыялады.   Белгилеп кетсек, Европа-2020 кийинки жылга жылдырылган. Оюндарды токтотуп туруу коронавирус пандемиясына байланыштуу.