1-класстын окуучуларынын арасында коронавируска кабылгандар болгон жок

Сентябрдан тарта салттуу форматта билим алып жаткан 1-класстын окуучуларынын арасында коронавируска кабылгандар болгон жок. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үчөнбаевдин айтымында, бийлик буга катуу көзөмөл жүргүздү.   Абал жакшы болгондуктан, башка класстардын окуучуларына дагы мектепке келип билим алышына этап менен уруксат берүү пландалууда.  … Кененирээк…

Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат

Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат. БШКдан билдиришкендей, маанилүү себептер менен шайлоо участогуна келип добуш бере албаган жарандарга атайын комиссия барып, үйүнөн же башка жактан добуш берүүсүн камсыздайт. Анда комиссия мүчөлөрү түшүп бара турган унаа дезинфекцияланат, ар биринде санитайзер болот. Добуш берүү учурунда жарандарга беткап… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 154 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 154 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, сакайгандардын көбү Ош шаарында, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында. Ушуну менен вирусту жеңгендердин жалпы саны 43 миң 137ге жетти.

Лионель Месси жана Криштиану Роналдунун командалары беттешет

Швейцариянын Женева шаарында Лионель Месси жана Криштиану Роналдунун командалары беттешет УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин тайпалык этабына чүчү кулак тартылды. Анын жыйынтыгы менен G тайпасында “Ювентус” жана “Барселона” клубдары күч сынашат. Мелдешке жалпысынан 8 тайпада командалар кезигет. Тайпалык беттештер 20-октябрда башталат. Эске салсак, былтыркы финалда “Бавария”… Кененирээк…

Добуш сатып алгандар жазаланат

Добуш сатып алгандар жазаланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы кайрылуусунда жарыялады. Ал белгилегендей, бул шайлоо элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырышы зарыл. Ага жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү.  Туура добуш берүү мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Эске салсак, ушул жекшемби, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводу ишин жандандырды

Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводу ишин жандандырды. «Азаттыкка» ишканадан билдиришкендей, былтыр ачылган завод суук түшкөндө ишин убактылуу токтоткон. Ишканада темир эритилип, тетиктердин үч түрү чыгарылат. Өндүрүш алгач жергиликтүү базарларда сатылат, калганы Өзбекстанга экспорттолот. Ишканага кытайлык компания  114 миллион сом инвестиция жумшаган. Анда 80 адам… Кененирээк…

Каракол шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

Каракол шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Мэриядан билдиришкендей, үлпөт тойлор, массалык иш-чаралар тынымсыз белгиленип жаткан ири кафе-ресторандар жабылат. Мындай чечимди ыкчам штаб кабыл алды. Айрым тамактануу түйүндөрү эскертүү жана айып салынганына карабастан талаптарды аткарбай жатат. Бир нече фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Ошондой… Кененирээк…

Жаңы рейтингде Валентина Шевченко 3-орунду ээледи

Жаңы рейтингде Валентина Шевченко 3-орунду ээледи. UFC уюмунун салмак даража эске алынбаган аялдар арасында түзүлгөн жаңы рейтинг жарыяланды. Анда Аманда Нунес лидерлик кылса, 2-орунду кытайлык Вэйли Жанг ээледи. Тизме түзүүдө Абу-Дабидеги Яс аралында өткөн турнирдин жыйынтыгы эске алынды. Учурда Валентина Шевченко жеңил салмактагылар арасында чемпион… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын 8 пайызын улгайган адамдар түзөт

Кыргызстан калкынын 8 пайызын улгайган адамдар түзөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жумушка жарамдуу курактан өткөн адамдардын саны 513 миң. Бул көрсөткүч үч жыл мурдагыга салыштырмалуу 66 миңге көп. Кыргызстанда аялдар пенсияга 58, ал эми эркектер 63 жаштан баштап чыгат. Кошумчаласак, жыл… Кененирээк…

Бишкекте акысыз батир алуу үчүн 3,5 миңден ашык адам кезекте турат

Бишкекте акысыз батир алуу үчүн 3,5 миңден ашык адам кезекте турат. Мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев билдиргендей, ордо калаада муниципалдык батирге ээ болуу мүмкүнчүлүгү райондук администрация аркылуу каттоого турган жакыр жашагандарга берилет. Ошондой эле муниципалитеттин кызматкерлери жергиликтүү бийликте иштеп тургандыктан кызматтык батир алууга… Кененирээк…