Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе толук чечилди

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе толук чечилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирет. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдөн кийин сегиз миң гектар жер Кыргызстанга жазылды. Эми мындан ары талаштуу тилкелер болбойт, — деп белгиледи Ташиев. Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо… Кененирээк…

Кыргызстандык футболчулар Непалдын командасы менен тең чыкты

Кыргызстандык футболчулар Непалдын командасы менен тең чыкты. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, кечээ Катманду шаарында өткөн оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы «Үч улуттун кубогу» мелдешинин алкагында Непал жана Бангладештин командалары менен күч сынашууда. 23 жашка чейинки футболчулардын оюндары 30-мартка… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн 3 районуна жаңы тез жардам унаалары сатып алынды

Ысык-Көлдүн 3 районуна жаңы тез жардам унаалары сатып алынды. Novosti.kgге Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, атайын техникалар бирден Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна берилет. 3 унааны сатып алууга дээрлик 4,5 миллион сом сарпталды. Тез жардам машинелери бардык керектүү жабдуулар мене камсыздалды жана алар бейтаптарды ташууга толук… Кененирээк…

Жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен текшерип алууга 2 күн калды

Жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен текшерип алууга 2 күн калды. БШКдан эскертишкендей, жарандар tizme.gov.kg порталына кирип же өзү каттоого турган шайлоо тилкесине барышы керек. Ошондой эле 119 номуруна чалып же паспорттогу ПИН кодду көрсөтүп SMS жөнөтүп, шайлоо участогунун номурун алса болот. Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү бүгүн жана… Кененирээк…

Бишкекте 4-чейректен тартып бардык класстын окуучулары парталарга кайтып келбейт

Бишкекте 4-чейректен тартып бардык класстын окуучулары парталарга кайтып келбейт. 1-апрелден баштап 7 класстын гана окуучулары мектепке келип билим алат, — деп билдирет мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева. Ал эми 6-7-8-10-класстын окуучулары онлайн окууну уланта берет. Алдыдагы 2, 3 жума бою эпидемиологиялык абалга мониторинг… Кененирээк…

Бишкекке карантин киргизилбейт

Бишкекке карантин киргизилбейт. Вице-мэр Айжан Чыныбаева жарыялагандай,  эгер эпидемиологиялык абал начарласа шаардык штаб кошумча чектөө чараларын киргизүү маселесин карайт. Учурда коомдук жайларда санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлдөнүп жатат. Эрежелердин аткарылышына чарба субъектилеринин ээлери жооптуу болот. Санитардык талаптардын сакталышын текшерүү рейддери уланууда. Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү ордо… Кененирээк…

Ван Гогдун сүрөтү аукциондо 13 миллион еврого сатылды

Ван Гогдун сүрөтү аукциондо 13 миллион еврого сатылды. Импрессионист сүрөтчү  “Монмартрдагы көчө көрүнүшүн” 1887-жылы тарткан. Сүрөт 1920-жылдан бери жеке коллекцияда сакталып келген.   Картинаны мындай баага ким сатып алганы такталбайт.

Кыргызстандын салык кызматы түн жарымга чейин иштейт

Кыргызстандын салык кызматы түн жарымга чейин иштейт. Мындай тартип 1-апрелге чейин уланат. Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, иш күнү эртең мененки саат 9да башталып, түнкү 12ге дейре созулуп, салыкчылар эс алуу күндөрү да иштейт.   Бул Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууга байланыштуу.

Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Вице-мэр Айжан Чыныбаева ар бир райондун акимдерине коомдук жайлардагы рейддердин санын көбөйтүүгө тапшырма берди.   Ошондой эле, кафе, ресторандардын ээлерине эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо тууралуу эскертүүлөр берилди. Мэрия шаар тургундарын өз алдынча дарыланбай, дарыгерлерге кайрылуу керектигин белгилейт. Эске салсак, медицина кызматкерлеринин… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 62 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 62 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 36, Ошто 2, Чүйдө 23, Нарында 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 84 миң 469га жетти.