Американын эл аралык уюму Кыргызстанга 1 миллион долларлык жардам көрсөттү

Американын эл аралык уюму Кыргызстанга 1 миллион долларлык жардам көрсөттү. Өлкөдөгү АКШнын элчилигинен билдиришкендей, жардам ковид менен күрөшүү үчүн медициналык жардам түрүндө келди. Алсак, техникалар Бишкектеги, Чүй жана Ош облустарындагы 5 ооруканага, 3 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырылды. Учурда берилген кычкылтек концентратору, көчмө рентген-аппарат, тоңдуруучу камера… Кененирээк…

Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду

Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Жыйынга документ өзгөртүү менен киргизилди. Ага ылайык, 36 депутат бир мандаттуу, 54ү партия ичиндеги талапкерди тандоо менен шайланат. Ал эми босого чеги 3төн 5 пайызга көтөрүлдү. Ар бир төртүнчү депутат аял болсун… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 7ге чейин Садырбаев, Гагарин, Купянск көчөлөрүндө, «Касым», «Арча-Бешик» жана «Көк-Жар» конушунда жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Жер 30 жылдын ичинде жалпы биомассадагы курт-кумурскалардын 75 пайызын жоготту

Жер 30 жылдын ичинде жалпы биомассадагы курт-кумурскалардын 75 пайызын жоготту. Биологдор жүргүзгөн көптөргөн изилдөөлөргө ылайык, Түндүк Америкада көпөлөктөр калбай баратат, Германияда болсо токой жана талаа чөптөрү арасындагы курт-кумурскалар, ал эми Улуу Британияда Бал жана жапайы аарылар, учканда шылдыраган добуш чыгаруучу чымындар дагы азаюуда. Калган курт-кумурскаларды… Кененирээк…

Чүй жана Ысык-Көл облустарында кошумча көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү пайда болот

Чүй жана Ысык-Көл облустарында кошумча көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү пайда болот. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежелерин аныктаган посттор Кемин, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана Чок-Тал айылында коюлат. Түйүндөрдө жол тескөөчү кызматкерлер менен чогуу наркологдор жана ММКнын өкүлдөрү иштейт. Кошумчаласак, акыркы жумада республикада 15 миңге… Кененирээк…

«Кыргызкөмүр» ишканасы казылып алынган көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүдө

«Кыргызкөмүр» ишканасы казылып алынган көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүдө. 2021-22-жылкы жылытуу мезгилине 600 миң тонна көмүр даярдоо планын коюлду, — деп билдирди энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев. Учурда казуу иштери жүрүүдө. Бишкек ЖЭБине жеткирүүгө 50 миң тонна көмүр даяр. Ташуу планга ылайык жүрүп жатат. Андан… Кененирээк…

Күзүндө парламенттик шайлоого катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылып берилет

Күзүндө парламенттик шайлоого катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылып берилет. БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов билдиргендей, мындай чечим кечээги комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Каражат депозиттик эсепте сакталып турган 80 миллион сомдун эсебинен берилет. Тагыраагы, 16 саясий партиянын ар бирине 5 миллион сомдон туура келет. Белгилеп кетсек, былтыр… Кененирээк…

Климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн акыркы убакта дүйнөдө жаратылыш кырсыктары көбөйүп, аларды токтотуу оор болууда

Климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн акыркы убакта дүйнөдө жаратылыш кырсыктары көбөйүп, аларды токтотуу оор болууда. Bloomberg агенттиги Немец метеорологу Йоханнес Кваасага шилтеме келтирип билдиргендей, климаттын кескин өзгөрүшү мындан ондогон жылдар мурда атмосферага кир абанын тарашынан башталган. Андан тышкары, планетанын 1,2 градуска ысыганы байкалууда. Кошумчаласак, Батыш Европа менен Кытайда суу… Кененирээк…

Ошто эттин баасы 480 сомго чейин төмөндөйт

Ошто эттин баасы 480 сомго чейин төмөндөйт. Мындай чечим мэриянын эт баалары боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө кабыл алынды. Түштүк калаанын вице-мэри  Замир Юсуповдун айтымында, арзандатуулар 30-июлдан тартып күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, Ош шаарында акыркы үч айда эттин килограммы 460 сомдон 500 сомго чейин жогорулады. Калаа… Кененирээк…

Кыргызстандыктар быйыл июнда 674 миллион сомго насыя алышты

Кыргызстандыктар быйыл июнда 674 миллион сомго насыя алышты. Муну менен өлкө жарандарынын коммерциялык банктардан алган бересесинин жалпы суммасы дээрлик 19 миллиард сомго жетти. Улуттук банктын отчетуна ылайык, орточо чен 23 пайызды түздү. Кыргызстандыктар насыяны көбүнчө айыл-чарба иштерине, соода-сатыкка, курулушка жана иш-чаралар үчүн алышат.