Дүйнөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 миллиард 20 миллион адамды түздү

2021-жылдын 7-августуна карата дүйнөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 млрд 20 млн адамды түздү. Бул тууралуу «Наш мир в данных» илимий онлайн-басылмасы билдирет. Басылманын маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 29,9%ы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган, ал эми 15,4%ы толугу менен эмделген. Лидер өлкөлөрдүн тизмесинин… Кененирээк…

“Пари Сен-Жармен” Месси үчүн болжолдуу вариант

“Барселонадан” кеткен Лионель Месси “Пари Сен-Жармен” карьерасын улантууга болжолдуу вариант экенин билдирди. Анын айтымында, учурда ал менен көптөгөн клубдан сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бирок эч кандай келишимге кол коюп, чечим кабыл ала элек. Мессинин “Барселона” мене келишими 30-июнда аягына чыкты. Клуб 34 жаштагы футболчу менен жаңы макулдашууну… Кененирээк…

Казакстанда карантин маалында той өткөргөн чиновник кызматтан алынды

Казакстанда карантин маалында той өткөргөн чиновник кызматтан алынды. Караганды облусунун жер катнаштары башкармалыгынын жетекчиси 7-августта 400 адамга той өткөргөн. Тойканага полиция, санэпидстанция жана акимчилик өкүлдөрүнөн куралган мобилдик топ барган. Жыйынтыгында той токтотулуп, тойкананын ээси менен уюштуруучуга айып салынды. Белгилеп кетсек, коңшу өлкөнүн Караганды облусу “кочкул… Кененирээк…

Бишкек мэрлигине талапкерлерди каттоо башталды

Бишкек мэрлигине талапкерлерди каттоо башталды. БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу. Каттоо үчүн на талапкерди көрсөткөн субъекти 20-август, саат 6га чейин документтерди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу керек. Эске салсак, Бишкек жана Ош… Кененирээк…

Россия 6 жылдан кийин Египет менен аба каттамдарын калыбына келтирди

Россия 6 жылдан кийин Египет менен аба каттамдарын калыбына келтирди. Бүгүнтөн тартып Россия Египеттин курорттору — Хургада жана Шарм-эш-Шейх, ошондой эле Доминика Республикасы, Молдова, Бахрейн менен аба каттамдарын жандантты. Бл тууралуу ТАСС басылмасы жарыялады. Эми россиялыктар Хургада жана Шарм-эш-Шейхке жумасына 5 ирет учса болот.

Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дайындалды

Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дайындалды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, орунга Дастан Дүйшекеев бекитилди. Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Кошумчаласак, Дастан Дүйшекеев 34 жашта. Ал 2020-жылдын ноябрынан бери президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди.

Балыкчы – Барскоон унаа жолун курууга канча каражат сарпталары айтылды

Балыкчы – Барскоон унаа жолун курууга канча каражат сарпталары айтылды. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациясынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында тилкенин 25 чакырымы калыбына келтирилет. Буга 798 миң доллар бөлүнүп берилди. Иштер Балыкчыдагы шакекчеден Кара-Шаар айылына чейинки аралыкта жүргүзүлөт. Күтүлгөндөй, жол 4 тилкелүү болот. Белгилеп… Кененирээк…

Чүй облусунун Жайыл районунда көлөмдүү бука 240 миң сомго сатылды

Чүй облусунун Жайыл районунда көлөмдүү бука 240 миң сомго сатылды. Турмуш басылмасы билдиргендей, кечээ базарда сатыкка чыгарылган бодо мал менен сүрөткө түшкөндөр көп болду. Аынн бийиктиги 170 сантиметрге жетет, салмагы 1 тоннадан ашат. Ал болжолдуу түрдө 600 килограммдан ашык эт берет. Буканын жашы 3тө. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда «Ден соолук» уюлдук тиркемеси иштеп баштады

Кыргызстанда «Ден соолук» уюлдук тиркемеси иштеп баштады. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдиргендей, тиркемеден ар бир жаран эмдөө тууралуу маалымат алып, жашаган жерине жакын жайгашкан эмдөө түйүндөрүн таап, вакцинацияга жазылса болот. Ошондой эле, эмделгендерде кандайдыр бир терс таасирлер байкалса дарыгерге кабарлоо функциясы бар.… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогуна даярданат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогуна даярданат. Футбол союзунан билдиришкендей, 2023-жылкы тандап алуу оюндарына даярдык көрүү максатында улуттук курама бир нече беттештерди өткөрөт. Алсак, биздин футболчулар 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Плестина менен беттешет. Ал эми күйөрмандардын оюнга кириши, билеттер тууралуу маалымат кийинчирээк… Кененирээк…