ИИМ добуш берүү күнү 126 мыйзам бузуу катталганын билдирди
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жекшембидеги шайлоодо 126 мыйзам бузуу фактысы катталганын кабарлады. Маалыматка караганда, арыздардын көбү добуш берүү тартибин бузууга байланыштуу (38) түшкөн. Мындан сырткары ички иштер органдарына 36 кайрылуу үгүткө, добуш сатып алууга байланыштуу 21, шайлоочуларды ташып келүүгө байланыштуу 19 арыз-даттануу келген.… Кененирээк…