Кыргызстандан товар экспорттоочулардын жанында электрондук эсеп-фактурасы болушу шарт

Кыргызстандан товар экспорттоочулардын жанында электрондук эсеп-фактурасы болушу шарт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан эскертишти. Документ жүктөрдү тоскоолдуксуз ташып чыгууга шарт түзүп, ар кандай кечигүүлөрдү алдын алат. Андан тышкары, импорттоочу өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кошумча текшерүүлөрдү болтурбоого жардам берет. Эске салсак, 2020-жылдан тартып бардык кошумча нарк… Кененирээк…

Ош шаарындагы Чолпонбай Түлѳбердиев атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Ош шаарындагы Чолпонбай Түлѳбердиев атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 375 окуучуга чакталган билим берүү мекемеси пайдаланууга берүүгө даярдалууда. Учурда эмерек, ашкана жабдууларын орнотууу жана аймагын жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун сметалык наркы дээрлик 987 миллион долларды түзөт. Каражат… Кененирээк…

Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын жер тилкелери мыйзамдаштырылды

Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын жер тилкелери мыйзамдаштырылды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документке ылайык, аталган аймактагы муниципалдык менчикте турган 47 гектар жер калктуу конуш макамына ээ болду. Буга байланыштуу каржы министрлигине республикалык бюджеттен көрсөтүлгөн аймакка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоонун жыйынтыгы добуш берүү өткөндөн 20 күн кеч эмес убакытта жарыяланат

Жогорку Кеңешти шайлоонун жыйынтыгы добуш берүү өткөндөн 20 күн кеч эмес убакытта жарыяланат. Мөөнөт 18-декабрга туура келет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Мыйзамга ылайык, жыйынтыктар кол менен саноо аяктагандан кийин белгилүү болот. Учурда шайлоо тилкелериндеги добуштарды эсептөө аяктады. Маалымат системага киргизилүүдө. Бүгүн саат 10го карата бирдиктүү… Кененирээк…

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.… Кененирээк…

Баткен районунда суу жетишсиздигин жоюу үчүн 18 скважина казылат

Баткен районунда суу жетишсиздигин жоюу үчүн 18 скважина казылат. Учурда иштер Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарында башталды. Эки айылда 6 скважина казылууда, анын бирөө таза суу үчүн болсо, бешөө сугат иштерине пайдаланылат. Ошондой эле ондоого муктаж скважиналар дагы калыбына келтирилет, — дешти райондук администрациядан. Долбоорду ишке… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте ушул айдагы эң жылуу күн болот

Бүгүн Бишкекте ушул айдагы эң жылуу күн болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада абанын температурасы +19га жетет. Бул нормадан дээрлик 10 градуска жогору. Эртеңден тартып термометр мамычалары акырындап төмөндөп баштайт. 10-декабрда ордо калаада толук кышкы аба-ырайы орнойт. Күндүз 0дүн тегерегинде кармалса, түнкүсүн 5 градус суук… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 8 миллиарддан ашты

Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 8 миллиарддан ашты. ТАСС агенттигинин эсептери тастыктагандай, ММКлардагы статистика жана расмий маалыматтарга ылайык, эмделгендердин жарымынан көбү же 4 миллиарддан ашыгы үч өлкөгө туура келет – Кытай, Индия жана АКШ. Агенттиктен белгилешкендей, планетада канча адам вакцинациянын курсунан толук өткөнүн аныктоо… Кененирээк…

Ош шаарында ковидге кабылган бейтаптарды дарылай турган акыркы “кызыл зона” жабылды

Ош шаарында ковидге кабылган бейтаптарды дарылай турган акыркы “кызыл зона” жабылды. Бул тууралуу шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов билдирди. Анын айтымында, калаада акыркы айларда коронавируска кабылгандар кескин азайды. Түштүк калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташууда. Эми мындан ары Ош шаарында жана облусунда ковидге кабылгандар Баш-Булак… Кененирээк…

Ошто Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

Ошто Алиев көчөсү пайдаланууга берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тилкеде оңдоо иштери аяктады. Көчөнүн 1 чакырым аралыгына эки катмарлуу асфальт төшөлүп, тротуар салынды. Ошондой эле ирригациялык тармак өткөрүлүп, жол белгилери орнотулду. Мындан ары Алиев көчөсү мурдагыдай бир тараптуу эмес, андан унаалар эки багыт боюнча жүрө… Кененирээк…