Сиань–Бишкек–Сиань багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды

Сиань–Бишкек–Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектен Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылды. Каттам жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү болуп турат.

ИИМ оң рулдуу унаалар менен такси айдоого тыюу салууну сунуштоодо

Ички иштер министрлиги оң рулдуу унаалар менен такси айдоого тыюу салууну сунуштоодо. Документтин авторлору мындай чаралар оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды алдын алуу үчүн зарыл экенин белгилешет. Мындан тышкары, ведомство автобустарга чектөөлөрдү орнотууну милдеттүү кылууну сунуштап жатат. Башкача айтканда, аппаратсыз транспорт линияга чыгарылбайт. Бул эрежеге… Кененирээк…

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу жөнөтүлдү

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу жөнөтүлдү. Аталган өлкөдөгү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, бир талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган. Алардын ичинен кечээ 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз… Кененирээк…

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылды. Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган. Аталган рейтингде дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан… Кененирээк…

Түркия: Кыргызстан жөнөткөн боз үйлөр тигиле баштады

Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн тигиле баштады. Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев билдиргендей, 80ге жакын боз үй Кыргызстандын диаспора өкүлдөрүнөн жана студенттеринен, Түркияда жашаган этникалык кыргыздардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу тарабынан тигилүүдө. Бүгүн Түркияга дагы бир атайын учак… Кененирээк…

Кар көчкү түшөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, айдоочуларды этият болууга чакырды. Министрликтин маалыматына караганда, 14нөн 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.… Кененирээк…

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети 84 млрд долларга бааланууда

Түркиядагы катуу жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84 миллиард долларга бааланууда. Бул тууралуу Bloomberg жазды. Анын ичинен кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү дээрлик 71 миллиард доллар, улуттук кирешени жоготуу 10 миллиард доллардан ашык каражатты түзүүдө. Бул суммалар ИДПнын болжол менен 10 пайызын түзөт. Отчетко ылайык, Түркиянын инфраструктурасына,… Кененирээк…

Кыргызстанда декларация тапшыруунун биринчи этабы башталды

Кыргызстанда декларация тапшыруунун биринчи этабы башталды. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек: Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен… Кененирээк…

1-майдан тарта алтын рудасын жана концентратын экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстанда 1-майдан тарта алтын рудасын жана концентратын экспорттоого тыюу салынат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чектөөлөр алты айга күчүндө болот. Мамлекет башчынын администрациясы мындай чечим ата мекендик кайра иштетүү ишканалары үчүн чийки заттын кескин жетишсиздигин алдын алуу максатында кабыл алынганын билдирди.

18 см кирпиктүү ит Гиннестин рекорддор китебине кирди

Калифорнияда Коко аттуу иттин кирпиги дээрлик 18 сантиметрге өстү. Бул ага Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө мүмкүндүк берди. Иттин ээлери ветеринарда кирпиктерин үч жолу өлчөшкөн. Адис алар табигый түрдө өсүп, итке эч кандай коркунуч туудурбай турганын тастыктады. Үй жаныбарынын ээлери айырмалоочу өзгөчөлүгү Кокону дүйнөдөгү эң кооз… Кененирээк…