Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташып, саламаттыкты сактоо системасына чыгашалар азаюуда. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, эми тышкы булактардан келген каражат экономиканы кайра калыбына келтирүүгө багытталат.
Башкы багыттар катары өкмөт ошондой эле курулуш иштерин карап жатат – ирригация, айылдарды таза суу менен камсыздоо, авариялык абалдагы мектептерди, жолдорду калыбына келтирүү.
Чиновник белгилегендей, андан тышкары, каражаттын басымдуу бөлүгү ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүгө жумшалат.