Кыйынчылыктарга карабай, 2020-жыл каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, 5-7 пайыз тегерегинде инфляцияны кармап туруу мүмкүн болду. Андан тышкары, кредитти портфель 11 пайызга жогорулап, банктардагы депозиттер 20 пайызга көтөрүлдү.
Улуттук банктын кирешеси тууралуу айта турган болсок, ал рекорддук 8 миллиард 484 миллион сомду түздү. Абдыгулов белгилегендей, банк системасындагы туруктуулукту кармап калуу бул жылы дагы ошол эле нукта уланат.