Калкты тейлөө борборлорунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалымат бериле баштайт.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 15-марттан 30-апрелге чейин республика боюнча калкты тейлөө
борборлорунда жер-ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматтары көрсөтүлөт. Долбоор пилоттук режимде иштейт.
Эске салсак, аталган долбоор 1-февралдан тартып ордо калаадагы калкты тейлөө борборлорунда сыноодон өттү.