Бишкекте арзандатылган азык-түлүктөрдү сатуу түйүндөрүн уюштуруу уланууда.
Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, кезектеги ирет 6-7-мартта, ишемби жана жекшембиде жарманке өтөт.
Даректери боюнча, Аалы Токомбаев — Жетишкаев, Искак Раззаков – Киев, Токтогул, Төрөкул Айтматов – Токтогул
көчөлөр кесилишинде жайгашат. Анда азык-түлүктөрдү дүң баада сатып алса болот.