Американын эл аралык уюму Кыргызстанга 1 миллион долларлык жардам көрсөттү.
Өлкөдөгү АКШнын элчилигинен билдиришкендей, жардам ковид менен күрөшүү үчүн
медициналык жардам түрүндө келди. Алсак, техникалар Бишкектеги, Чүй жана
Ош облустарындагы 5 ооруканага, 3 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырылды.
Учурда берилген кычкылтек концентратору, көчмө рентген-аппарат, тоңдуруучу
камера жана башка жабдуулар кызыл зонадагы коронавируска кабылган
бейтаптарды изилдөөгө жана дарылоо үчүн колдонулууда.