Майлуу-Суудагы электр лампа заводу мамлекеттин менчигине кайтарылат.
Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, ишкананы мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-план түзүлүүдө.
Эми аталган завод жаңы технологияларды колдонуу менен энергияны үнөмдөөчү лампаларды жана башка айнек буюмдарын чыгара баштайт.