Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин телефон номерин алмаштырбашы керек

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин телефон номерин алмаштырбашы керек.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева түшүндүргөндөй, каттоо быйыл

онлайн форматында жүрүп жатат. Процедура учурунда абитуриент жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн жеке

байланыш номурун көрсөтөт, бул кирүүгө логин боло алат. Бүтүрүүчү ушул эле логинди жогорку окуу жайга

онлайн тапшыруу учурунда колдонот. Эске салсак, ЖРТга катталуу 9-апрелге чейин уланат.