Акыркы суткада медицина мекемелерине 169 адам жардам сурап кайрылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ордо калаадагы
башаламандыкта жалпысынан 911 жаран кайрылды. Анын 705ине биринчи жардам
көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди. 205 жаран ар түрдүү жараат менен
ооруканага жаткырылды. 5 адам учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бардык бейтаптарга
керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат жана адистер кеп-кеңеш беришүүдө.