Ар кандай аянттарды ичүүчү суу менен сугарууга тыюу салынат

Ар кандай аянттарды ичүүчү суу менен сугарууга тыюу салынат. Бишкек мэриясы эскерткендей, короолорду, килемдерди жана машинелерди да ичүүчү суу менен жууганга болбойт.

 

Жашыл жерлерди сугарууга суу эсептегич бар болсо гана, түн жарымынан таңкы саат 5ке чейин уруксат берилет.

 

Бул багытта мыйзам бузуулар аныкталса, 1 миң сом айып пул салынат.