Бүгүн Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгү старт алат

Бүгүн Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгү старт алат. Финалга чыгуу укугун Италия – Испания курамалары талашат. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де башталат.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Италия жана Испания курамалары 37 жолу беттешкен. 2016-жылкы Европа чемпионатында Италия испандыктарды 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

 

Ал эми дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Испания 3:0 эсеби менен атаандашын утуп алган.