Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жусуп Бакиев, Токтогул № 44, 44а, 46, Барпы Сейил, Совет, Бабкин, Пограничный, Чехов, Ленин, Пионерский, Озорный көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу жок болот.
Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.