Бүгүнтөн тарта тогуз миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Бүгүнтөн тарта тогуз миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн.

“Түндүкэлектр” ишканасы дебитордук карызы бар кардарларын аралыктан өчүрөт.

Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, жарандардын эсептегичтери электр энергиясына төлөмдөр толук жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.

Карызды банк, терминал, электрондук капчык же почта бөлүмдөрүнөн төлөсө болот.