Баткенде “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” көмөкчү чордону ишке киргизилди

Баткенде “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” көмөкчү чордону ишке киргизилди. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, линиялардын жалпы узундугу 51 чакырымды түзөт.

 

Андан тышкары, “Арка” подстанциясын калыбына келтирүү иштери дагы аяктады. Энергетикалык жаңы инфраструктуранын ишке киргизилиши Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртат.