Кыргызстандын беш облустук ооруканасына компьютердик томографиялар берилди.
Дүйнөлүк банктын эки долбоорунун алкагында сатылып алынган жабдуулар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустук бириккен ооруканаларына жеткирилди.
Жаңы медициналык жабдуулар ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдыктарга диагноз коюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, жергиликтүү дарыгерлер дартты аныктоо үчүн бейтапты башка клиникаларга жөнөтпөстөн, түз эле ооруканада текшерүү жүргүзө алышат.