“Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталат

Бүгүнтөн тарта “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуш күн сайын эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин жасалат.

Бул учурда жолдун бир тарабы жабылып, аны милиция көзөмөлдөйт.

Унаалар топтоло турган болсо, иш токтотулуп, кезек-кезеги менен өткөрүлүп турат.

Таш кулатуу 20-майга чейин уланат.