Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына чектөө киргизилди.

Ага ылайык, Чүйдүн Сосновка айылынан жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.

Унаа жана жолдор министрлиги чектөөлөр күн ачылганча күчүндө болорун билдирди.

Аба ырайынын бузулушунан улам айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.