Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди.

 

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кредит аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилүүдө.

 

Каржылоону 23 субъект алып, берилген жалпы сумма 3 миллион 300 миң сомду түздү. Насыялоого жалпысынан 1 миллиард сом каралган.