Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жабыркаган адамга үй берилди

Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

 

Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген.

Ошондой эле эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын орду толтурулганы кабарланды.

 

Быйыл 2-февралда борбор калаадагы жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен айрым жабдыктар иштен чыккан. Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркаган.

 

Алар Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланышкан. 9-майда Бишкек шаарына кайтып келгенден кийин саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реаблитациядан өтүшкөн.