Бишкекте эми коомдук унаалар дем алыш күндөрү да иштеп баштайт

Бишкекте эми коомдук унаалар дем алыш күндөрү да иштеп баштайт.

Мэриядан билдиришкендей, ошол эле учурда алар мурункудай эле эртең мененки саат 7ден 11ге чейин жана

түштөн кийинки 2ден кечки 11ге чейин катташат. Ал эми кафе, ресторан жана башка тамактануу жайларга

эртең мененки саат 7ден түнкү 12ге чейин иштегенге уруксат берилди. Супермаркет, соода борбор,

комплекстер, дүкөндөр тармагы мурункудай эле таңдан түн жарымга чейин иштесе болот.

Сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди ижарага берүүгө тыюу салынбайт.

Ошол эле учурда тойкана жана түнкү клуб, бар, караоке-клубдар азырынча ачылбайт.