Бишкекте эртең Байтик Баатыр көчөсүнүн Скрябин – Сүйөркулов тилкеси кыймылга ачылат. Мэриядан билдиришкендей, бул бөлүктө оңдоо иштери толугу менен жыйынтыкталды.
Өз кезегинде эртең Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки тилкеси жабылат. Андан тышкары, 2-июлга чейин Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрү, 4-июлга чейин Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрү тосулат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.