Бишкекте коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыктан айрым объектилер жабыла баштады

Бишкекте коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыктан айрым объектилер жабыла баштады.

Бүгүнтөн тартып соода борборлорундагы балдардын оюн-зоок аянттары ишин токтотот.

Чектөөлөр 2 жумага, 14-апрелге чейин күчүндө болот. Белгилеп кетсек,  ордо калаада

эпидемиологиялык кырдаал начарлагандыктан базар, соода аянттарында жана коомдук

унааларда санитардык талаптар, беткап тагынуу режими күчөтүлдү. Ошондой эле жакынкы

аралыкта республикалык штаб тойлорго, үйлөнүү-үлпөттөргө тыюу салуу чечимин карайт.