Бишкекте кошумча эмдөө түйүнү ачылды

Бишкекте кошумча эмдөө түйүнү ачылды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясы маалымдайт. Кабыл алуу пункт Рыскулов, 8 дарегинде жайгашат. Жарандар ага күндүзгү саат 3төн түнкү 11ге чейин кайрылып, коронавируска каршы эмдөө жасата алат.

 

Белгилеп кетсек, учурга карата Бишкекте 16 миңден ашык адам вакцинациядан өттү.

 

Алар 65 жаштан жогорку, дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын кызматкерлери.