Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары бүгүн иш таштап, линияларга чыккан жок

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары бүгүн иштеп таштап, линияларга чыккан жок. Себеби мурдагыдай эле – алар жол кирени көтөрүүнү талап кылууда, — деп билдиришти мэриядан. Муниципалитеттен белгилешкендей, тарифтерди Бишкек шаардык кеңеши гана көтөрө алат.

 

Ал эми мэрия тарабынан документтер даярдалып, Экономика министрлигине жөнөтүлгөн болчу.

 

Учурда дагы бир токтом долбоору даярдалып, шаардык кеңешктин кароосуна чыгарылат. Эске салсак, мэрия тарифтерди жогорулатуунун 3 вариантын иштеп чыккан, анын эң эле оптималдуусу — муниципалдык коомдук транспортто жол кирени 11 сом, маршруттук таксилерде 15 сомго жогорулатуу.