Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ички иштер министрлиги Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана элдик кошуундун 2,5 миң мүчөсү коомдук тартипти көзөмөлдөп, чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылып жатканын билдирди.

 

Ведомстводон белгилешкендей,  социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарга күч колдонууга чакырган жана жалган маалыматтарды таркаткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, ошондон кийин 18-майга караган түнү адамдар топтолуп, башаламандык катталган.