Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери улануда.
Мэриядан билдиришкендей, бул ирет жол курууга тоскоолдук жараткан,
өз билемдик менен тургузулган объектилер түрттүрүлүп жатат. Алсак,
жумуштар Матросов, Жукеев-Пудовкин, Тимур Фрунзе, Орозбеков,
Жайыл Баатыр, Панфилов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүндө жүрүп жатат.
Тилкелерде жайгашкан 4 курулуштун дубалы, бастырма жана
павильон алынды. Иштер уланууда.