Бишкекте спорттун экстремалдык түрлөрү боюнча мелдештер өттү

Бишкектеги Ынтымак сейил багында биринчи жолу балдар жана жаштар арасында экстремалдык спорт түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага BMX, скейтбординг жана кикскутер менен машыккан 50гө жакын жаш спортчулар катышты.

 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.

 

Белгиленгендей, спорттун бул түрлөрү Кыргызстандагы балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында күндөн-күнгө популярдуу болууда.