Бишкектин 100 троллейбусу Ош шаарына берилет

Бишкектин 100 троллейбусу Ош шаарына берилет. Шаардык кеңештин долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Түштүк калаа мэриясы буга чейин президент администрациясына кайрылып, калктын саны көбөйгөнүнө байланыштуу коомдук транспорт бөлүп берүү суранычын билдирген.

 

Белгилеп кетсек, күн сайын Бишкекте  115-120 троллейбус каттамдарга чыгат. Эми алардын көбү Ошко берилип, ордо калаага 120 жаңы электробус алынып келет деп күтүлүүдө.