Бишкектин 2 миңден ашык жараны азык-түлүк менен камсыз болду

Бишкектин 2 миңден ашык жараны азык-түлүк менен камсыз болду.

 

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Эске салсак, коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстанда аз камсыз болгон, тамак-ашы жок калган жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн “Жардам” штабы түзүлгөн. 

 

Бүгүнкү күндө ведомство ачкан атайын эсепке дээрлик 5 миллион сом чогулду. Акчалай жардамды мамлекеттик жана жеке ишканалар, коомдук жана кайрымдуулук уюмдар берүүдө.