Бишкектин бүт борбордук бөлүгү карантиндик аймак катары курчалды

Бишкектин бүт борбордук бөлүгү карантиндик аймак катары курчалды. Ордо калаа коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, тилке Ахунбаев, 7-апрель, Осмонкул көчөлөрү, Жибек Жолу проспекти жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелет.

 

Бул бөлүктө дезинфекция иштери жүрүүдө. Унааларга жана жөө жүргөндөр аймакка кирүүгө тыюу салынды. Мамлекеттик кызматкерлер, саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, азык-түлүк жана дары-дармек ташыгандар гана өткөрүлөт. Чектөө качан алынат, белгисиз.