Бишкектин Көк-Жар конушундагы ачык люктар айдын аягына чейин толук жабылат

Бишкектин Көк-Жар конушундагы ачык люктар айдын аягына чейин толук жабылат. Мэриядан билдиришкендей, аймакта суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат, ал аягына чыккан соң, люктар дагы жабылып, жол түздөлөт.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар бардык люктар ачык калтырылып, кооптуу болуп жатканына арызданышкан.