Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө гана салттуу режимде өтөт. Бул тууралуу мэрия эскертет. Иш-чара бардык санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулуп, ага биринчи класстын окуучулары катышпайт.
Ал эми башка класстын окуучулары үчүн акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт.