12-июлдан 18-июлга чейин Чүй облусунда 1733 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
23 айдоочу унааны мас абалында айдаган;
793 айдоочу унаасын катуу ылдамдыкта айдап кармалган;
12 айдоочу унаасын документи жок айдаган;
57 унаа айып короо жайына токтотулган.
Чүй облусунун жол кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин бузбоону суранат.