«Чакан ГЭС» ишканасы Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 23 миллион доллар алат

«Чакан ГЭС» ишканасы Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 23 миллион доллар алат. Тиешелүү чечимди

министрлер кабинети кабыл алды. Бала-Саруу ГЭСи — кубаттуулугу 25 мегаватты

түзгөн үч генераторлуу, орточо 92 миллион кВт-саат электр энергиясын

өндүрө турган чакан электр станциясы. Планга ылайык,

долбоор 2022-жылдын аягында жыйынтыкталат.